Казакстанда 372 сайгактын өлүгү табылды

Казакстандын Батыш-Казакстан облусунан 372 сайгактын (чөл кийиги) өлүгү табылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул окуя Жанибек районунун Тауск айылдык округунда катталган. Алгач жергиликтүү тургундар өлүү жаткан 372 сайгак каналдын жээгинен жана жардан табылганын айтып, социалдык тармактар аркылуу билдирүү таратышкан.

Аталган округдун токой чарба инспекциясынын жетекчиси Кайрат Кадешев бул маалыматты ырастаган. "Тиешелүү органдар жеринде иш алып барышууда. Бул аймакта катуу жамгыр жаап, чагылган түшкөн. Сайгактарга да чагылган тийгени текшерүүдө белгилүү болду. Учурда экспертизага жөнөтүлдү. Жалпысынан 372 сайгактын өлүгү табылды", - деген Кайрат Кадешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
raykray
2021-05-15 02:29:06
Сайгак эмне? Суротун корупда билбедим
+1
Mustafo
2021-05-15 07:28:26
raykray,Адал жаныбар чөл кийиги бизде Кыргызстанда жок бөлсо керек менимче
0
Altyn10076
2021-05-15 02:48:36
Чөл кийиги
+1
baisogur
2021-05-15 09:06:46
Кожожаштын киносун корсон сайга атып келгени казактарга кирип сайгакты кууп баратып баласын атып алат
+1
souza.j
2021-05-15 09:07:36
Бечаралар
0
bond02
2021-05-15 09:23:50
Сайгак деп аарыга окшош немени да айтат беле, малдарды чаккан.
+10
Mylatka..
2021-05-15 14:50:32
bond02,ал көгөн...
0
nazira...
2021-05-15 09:40:20
Бул сайгактар өздөрү билип баары тең чуңкурга түшүп өлүшүптүрбү.
+3
amirrus
2021-05-15 12:38:20
Сайгак уйларды чакчу вертолет го окшош учуучу жаныбар эле го,а бунунардын аты бир аз башкача болсо керек эле бойон дейт беле же ....
0
al-abu-kinesz
2021-05-15 12:53:17
amirrus, бокон деп айтылат. Чынгыз Айтматовдун Кыямат деген романында бар.
+3
Chikabek
2021-05-15 12:54:34
Бокон деген жаныбар
+4
Mister-XXX
2021-05-15 14:41:42
Бөкөн,сайгак деп айтылат."Ак илбирстин тукуму"- деген кинодо эң акырында ушул сайгактар атам деп,баласын атып алат.
Ал эми уйду чаккан жаныбарды да сайгак дейт.Ал уйдун терисинин ичине кирип чагат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан