"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус илдетин 162 миллионго жакын адам жуктуруп алды

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 161 миллион 903 миң 230 адам жуктуруп алды. Тилекке каршы, 3 миллион 358 миң 7 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 15-майга карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 895 миң 292 болду. 585 миң 232 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 24 миллион 372 миң 907 адамдан аныкталды. 266 миң 207 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 519 миң 525 адам вируска кабылган. 432 миң 628 бейтап көз жумса, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.

Эскертүү! АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтында бүгүн, 15-майга карата статистикада дүйнөдө канча адам айыгып чыккандыгы боюнча көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан