Көзү тирүүсүндө жетпеген атактуулук дүйнөдөн өткөндөн кийин гана келген сүрөтчү Ван Гог тууралуу кызыктуу фактылар

Дүйнө жүзүнө белгилүү живопись сүрөтчүсү Винсент Ван Гог 1853-жылы 30-мартта Нидерландынын батыш тарабындагы түндүк Брабант провинциясынын Грот-Зюндерт кыштагында төрөлгөн.

Атасы Теодор Ван Гог чиркөөнүн кызматкери болсо, апасы Анна Корнелия Карбентус ошол убактагы мартабалуу мукабачы жана китеп дүкөндүн ээсинин кызы болгон.

Сүрөтчү Нидерландынын Овер-сюр-Уаз деген жеринде 1890-жылдын 29-июль күнү каза болгон.

Сүрөтчүнүн жашоосу ары кызыктуу, ары татаал болгон. Учурунда анын сүрөттөрү беделдүү сүрөт галереяларына коюлчу эмес, анын сүрөттөрүн жактырган, кызыккан адамдар деле болгон эмес. Эскерүүлөрдө түнт, табышмактуу адам болгону айтылат. Кийин гана анын сүрөттөрү бааланып, дүйнөнүн эң беделдүү сүрөт көргөзмөлөрүндө коюлду.

Төмөндө Ван Гогдун көпчүлүк биле бербеген кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

1. Алгач атасы Теодор Ван Гог менен апасы Анна Корнелия Карбентус уулдуу болушуп, ага Винсент деген ысым ыйгарышкан. Бирок тун уулу төрөлгөнүнө 1 күн болгондон кийин чарчап калган. Арадан көп убакыт өтпөй болочоктогу сүрөтчү жарыкка келген. Ата-энеси жарыктыкты тааныбай калган уулунун атын экинчи уулуна ыйгарган. Ошентип сүрөтчү Винсент Ван Гог аталган.

2. Ван Гогду бала кезинде баары жоош, тартиптүү бала катары билишчү. Бирок ал ата-энеси менен көп тил табыша берчү эмес.

3. Ал орто мектепте окуп жүргөндө эле мектепти таштап окуудан баш тарткан. Ата-энеси аны ой-боюна койбой, кайра эле мектепке жиберип турганы менен ал көп ирет окууну таштоого аракет кылган.

4. Ван Гог атасынын жолу менен чиркөө кызматкери болуп, өмүрүн чиркөөгө арноону пландап келген.

5. Келишимдик негизде акча төлөп окууну акыйкатсыздык деп эсептеген. Билим берүү акысыз жана баарына бирдей жеткиликтүү болуусу шарт деп айтканы эскерүүлөрдө айтылып жүрөт.

6. Брюсселдеги искусство академиясында бир жыл окуган соң окууну таштап, живописти өз алдынча окуй баштаган.

7. Ал 10 жылдык карьерасында 2 миңдей сүрөт тарткан. Анын чыгармачылыгы 10 жылга гана созулган.

8. Поль Гоген (француз живопись сүрөтчүсү) менен чыккан пикир келишпестиктен улам кулагынын учун кесип салган. Бул окуя шаар тургундары арасында талкууга түшүп, анын психикалык саламаттыгынан шек саноону жараткан. Мындан улам ал психикалык жактан жабыркагандардын атайын жайына жиберилген. Бирок чыгармачылыгын ал жактан да токтоткон эмес.

9. Винсент өзүнүн аталаш тууганын сүйүп калган. Анын бул сезимдери үчүн иниси Теодон башка бардык туугандары байланышын үзүп салышкан.

10. Кызыгы, көзү тирүү кезинде ал сүрөтчү катары атактуулукка жете алган эмес. Анын сүрөтү тууралуу жакшы пикирдеги макала өмүрүнүн акыркы жылдарында гана жарыяланган. Ал эми анын сүрөттөрү шедевр катары ал каза болгондон ондогон жылдар өткөндөн кийин гана таанылган.

11. Ван Гог адамдардын келбетин тарта алчу эмес, заманбап сүрөт сынчылары бул кемчилиги анын сүрөт өнөрү боюнча билим албагандыгы менен байланыштырышат.

12. Ал чымчыктарды кубалап жатып колдонгон тапанча менен өзүн көкүрөккө атып алып каза болгон. Айрымдар ал өзүн-өзү атып өлтүргөн деп айтышат.

13. Винсент Ван Гогдун өлүм алдындагы акыркы сөзү "кайгы түбөлүккө уланат" деген сөз болгон.

14. Винсент Ван Гог каза болгондон кийин иниси Тео анын сүрөттөрүн көргөзмөгө коюуну каалап, иш-чараны уюштуруп баштаганда коомчулук тарабынан катуу сындалган. Көп өтпөй ал да каза болгон.

15. Учурда анын сүрөттөрү аукционго сатылган эң кымбат картиналарга кирет.

16. Винсент 1 сүрөттү 2 сааттын ичинде эле толук тартып бүтө алчу. Анын "сүрөттү 2 саатта тартып бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн 10 жыл окугам" деп айтканы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан