Гана өлкөсүнүн жараны 13 миң килограмм желим калдыктардан үй курду

Гана өлкөсүнүн жараны желимден кооз үй куруп, социалдык тармактагылардын суктануусун жаратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кооз имарат кайра иштетүүнүн күчүн көрсөтөт жана кышка куюлган 13 миң килограмм желимден жасалган. Материал ганалык "Nelplast Ghana Limited" компаниясы тарабынан берилген.

Компания кайра иштетилген желимдерден брусчатка плиталарын чыгарат. Технологиянын иштеп чыгуучусу - кайра иштетүү тармагында жыйырма жылдан ашык тажрыйбасы бар инженер. Ал сунуш кылган асфальттын аналогу 60 пайызы желимден (көбүнчө майдаланган мүшөктөр) жана 40 пайызы кумдан турат.
Материал баштапкы ресурстарды кыйла аз пайдаланууну талап кылат.

Боатенг кайра иштетүүчү шайманды иштеп чыгып, 2 тонна желим таштандыларын кайра иштетүүнү көздөгөн компанияны түзгөн.

Учурда Ганада желим калдыктарды кайра иштетүү көрсөткүчү 2 пайызды гана түзөт, бирок компания аны 35 эсе көбөйтүп, 70 пайызга жеткирүүнү көздөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан