Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Израилдин желеги үчүн Австрия өкмөтүнө наалат айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Израилдин желегин канцлердин кеңсесинин имаратына илип койгон Австрия өкмөтүнө наалат айтам.
Мамлекеттик имаратыңарда террордук мамлекеттин желегин көтөрүү - өзүңөрдү террор деп эсептөө дегенди билдирет", - деп билдирген Эрдоган.
Израилдин желеги Федералдык канцлердин кеңсесинин жана Австриянын Тышкы иштер министрлигинин мекемесинин чатырына тилектештик катары коюлган.
Белгилүү болгондой, 16-майда Эрдоган "эл аралык коомчулук Израилге Палестина менен курчуп бараткан чыр-чатактар үчүн күчтүү жана тоскоолдуктуу сабак бериши керек" деди. Ага чейин ал Палестина-Израиль багытынын курчушун Тоолуу Карабахты басып алуу менен салыштырган.