Владимир Путин жана Си Цзиньпин атомдук объекттин курулушун баштоо иш-чарасына катышат

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин 19-майда кытай-орус биргелешкен атомдук объекттин курулушун баштоо иш-чарасына катышат. Бул тууралуу расмий маалыматтарга таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка караганда, эки өлкөнүн лидерлери аталган иш-чарага онлайн форматында катышат.

"Си Цзиньпин жана Владимир Путин 19-майда онлайн режимде кытай-орус атомдук объекттин курулуш иштерин баштоо иш-чарасына катышат" деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 2018-жылы Орусия жана Кытай атомдук энергия боюнча келишим түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан