Ок атышпоо боюнча келишимине кубанган палестиналыктар көчөгө агылып чыгышты (фото)

Израиль менен ХАМАСтын ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин Газа тилкесиндеги жана басып алынган Батыш Шериа аймагындагы палестиналыктар көчөлөргө агылып чыгышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жүздөгөн жаштар Газа секторунун ар кайсы шаарларында жүрүшкө чыгышты. Алар ХАМАС тобун колдогон ар түрдүү ураандарды айтышып, ок атышпоо келишимине кубанычтарын билдиришкен.

Эске салсак, Израиль менен ХАМАСтын ортосунда ок атышпоо боюнча эки тараптуу макулдашылган келишим бүгүн, 21-майда күчүнө кирген.

Эске салсак, 11-майга караган түнү Израиль менен Палестинанын ортосундагы абал курчуп кеткен. Палестина Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр ага жооп катары абадан сокку урган. Буга Газа тилкесин көзөмөлдөгөн топтордун Израиль полициясынан Чыгыш Иерусалимдеги Акса мечитинин жана Шейх Жаррах конушунун аймагынан чыгып кетишин талап кылышканы себеп болгон. Израил полициясы бул шартты аткаруудан баш тарткан. Израилдин соккуларынан 232 палестиналык, анын ичинде 65 бала жана 39 аял каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2021-05-21 14:45:51
Бир да аял заты жок го
0
Mubarak
2021-05-21 18:05:52
Ушул жоотторду Гитлер кырып еле таштаган емес екен да деп ойлоп кетемда кееде
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан