Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири "KE Holdings" кыймылсыз мүлк компаниясынын негиздөөчүсү Цзо Хуэй 20-майда күтүүсүздөн көз жумганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Кытайдын эң бай 15 кишинин катарына кирген миллиардер оорунун күтүлбөгөн жерден күчөп кетишинен көз жумган.
Цзо Хуэй 1971-жылы Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясында туулуп, 1992-жылы Бээжиндин Химиялык технология университетин аяктаган. Алгачкы байлыкты кытайлык ММКлардын маалыматы боюнча, ал камсыздандыруу бизнесинен тапкан. Андан кийин 2001-жылы өзүнүн биринчи кыймылсыз мүлк компаниясы "Beijing Lianjia Real Estate Brokerage" негиздеген. 2018-жылы "Hui, KE Holdings" компаниясын негиздеп, Beike аттуу Кытайдын ири турак жай келишимин жана кызмат көрсөтүү платформасын ишке киргизип, өлкөдөгү эң таасирдүү ишкерлердин бири болгон.