Балдарынын эң кенжеси 9 айлык... Казакстанда жаш үй-бүлө онунчу наристесин күтүп жатат

Казакстандын Актау шаарындагы 35 жаштагы келин онунчу наристесин күтүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, жаш үй-бүлөнүн балдарынын улуусу 19 жашта болсо, эң кенжеси 9 айлык.

Жолдошу Сакен жана Гаухар Ешмуханов 2001-жылы баш кошушкан. Алардын төрт уул, беш кызы бар. Эң улуусу 19 жашта болсо, эң кичүүсү 9 айлык. Көп балалуу түгөйлөр учурда онунчу наристесин күтүп жаткан кези.

"Балдарды тарбиялоодо улуу кызым жана кайненем жардам берет. Жакындарымдын колдоосу менен өзүм үчүн убакыт таба алам. Элибизде бала баланы багат деп айтылат эмеспи. Кудайга шүгүр, көз алдымда чоңоюп жатышат. Үй жумуштарында кыздарыма ишенсем болот", - деген Гаухар Ешмуханов.

Гаухар Эшмуханова бош убактысында чыгармачылык менен алектенип, майрамдык иш-чараларда ырдайт деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ErkinOkenovich
2021-05-22 11:47:19
Азыр 35жашта болсо,15 жашында турмуш курган экен да.Аллахым узун өмүр берсин!
+11
Nur-sultan
2021-05-22 13:50:05
ErkinOkenovich,"уят ишти" эрте баштаган экен.
+2
nazira...
2021-05-22 15:03:19
Nur-sultan,
+1
Beka0007
2021-05-22 17:50:56
Nur-sultan, Эрте баштайбы кеч баштайбы биздин ишибиз эмне?
Эң негизгиси бактылуу жашап балдарына татыктуу тарбия берип багып жатышатда.
Кыргыздар качан токтотобуз ушундай жаман ойлогонубузду?
Жакшы каалоо тилек жазып кой сенин эч нерсең кетпейт, жакшы сөз жаза албайсыңбы анда жазбай эле кой жаз деп кыйнаган эч ким жок тууган.
+7
Asmat84
2021-05-22 14:14:33
Өмүрлөрү узун болсун
+6
Beka0007
2021-05-22 17:48:46
Молодцы бактылуу болушсун!
Уулдарынын урматын кыздарынын кызматын көрүп жүрө беришсин!
+7
Alia82
2021-05-22 17:59:50
Поддержка жакшы болсо торогонго не жетсин
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан