Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева коронавирус эпидемиясы өлкөдө күчөгөндөн тартып карапайым элге жардам көрсөтүп келүүдө. Ырчы айым SUPER.KG порталына "Элдин жегенге наны жок, ачка күн кечирип жатканын көрүп жүрөгүм эзилип жатат" деп билдирип, кырдаал ордуна келгенче эл менен бирге болорун айтты.
- Саламатсызбы, Алтынай айым? Кайрымдуулук иштерин качан баштадыңыздар эле?
- Саламатчылык! 18-марттан баштап карапайым эл менен аралашып, жуурулушуп келе жатабыз. Алгач "Өзгөн өнөрпоздору" деген шеринелештер акча чогултуп, муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратканбыз. Андан кийин өзүмдүн башка шеринелештерим, курбуларым, эжелерим мага акча которо башташты. Жардам берчү адамдар табылып жаткандан кийин токтотуп коё албадык. Ошондон бери күндө эл менен аралашып жүрөбүз.
- Байкашыбызча, ошондон бери күнүңүз муктаж адамдарга азык ташымай менен өтүп жатат окшойт?
- Туура айтасың. Тамадалар Эрнест Бөрүбаев, Сагын Эргешов жана блогер Талант Сагынбаев төртөөбүз кадимки иш күнүндөй үйдөн саат 9да чыгып кетип, кечки 19:30да үйгө келип жатабыз. Ажал кайсы жактан келет, аны Кудай билет. Чынында биз өмүрүбүздү тобокелге салып иштеп жатабыз. Үйгө келгенде жуунуп-таранып, балдарымды да өппөйм, бөлөк бөлмөдө жатам. Бул тобокелчилик, өмүрүмдү, ден соолугумду элим үчүн сайдым дегендик. Мени менен кошо үйлөнө элек Сагын менен Талант жүрөт, алар деле кооптуу учурда тайманбай иштеп жатышат. Эрнис болсо жакында балалуу болду. Ал деле Кудайдын көзү түз болсун деп ишке чыгып жатат.
- Кайрымдуулук иштерин баштаганыңыздарга 3 апта болуп калыптыр. Каражатты кайдан таап жатасыздар?
- Жогоруда айткандай, мен өзүмдүн шеринелештерим менен чогулткан акчаларга азык-түлүк алып таратып баштаганда элдин баары мага кайрылып, жардам сурап, Инстаграм баракчам катка толуп кетти. Каражатты тааныштарым берип жатат, чет өлкөдөн элибизге жардам болсун деп мекендештер которуп жатышат, көчөдөн жолугуп калган бейтааныш эле бирөөлөр берип жатат, айтор, жардам берем дегендер бар. Кээде акчабыз, азык-түлүктөрүбүз түгөнүп баштаганда калганына кантип жеткиребиз деп өзүмчө кыжалат болуп кетем. Анткени "3-4 күндөн бери балдарыбыз томолонуп, ачка жатышат" деп ыйлап кайрылган энелер, бизди күтүп отурган муктаж адамдар толтура. Кудайга шүгүр, жардам берчү адамдар табылып жатат.
- Аярлуу катмар менен иш алып барып жатасыз. Сизди аябай таасирленткен окуя болдубу?
- Жакында эле 60 жашка таяп калган эжеге азык-түлүк алып барганбыз. Ал аябай ыраазы болуп, бизди кучактап, батасын берип узаткан. Кечээ ал эженин көзү өтүп кеткенин угуп бир сыйра ыйлап да алдым. Ошол окуя мени катуу таасирлентти. Бирок жалпысынан алганда, тилекке каршы, арабызда жакыр жашаган, ага кошумча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар абдан көп экен. Биз көбүнчө ошондой өтө муктаж болгондорго барып жатабыз. Кечээ дагы бир 20 жаштагы айымдан кабар алдык. Ал өзү колу-буту калтырап, ишке жараксыз экен, ага кошумча баласынын да ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин көрдүк, жалгыз бой айым көпкө чейин тагдырын айтып ыйлады. Айтор, элди аралап жүрүп, бирөөнүн көзүнүн жашын сүртүп, бирөөгө жардам керек учурда тамак алып барып берип ошондон ырахат алып жатабыз. Элге жардам көрсөткөн ырдагандан да чоң сыймык болуп жатат. Мен сооп иштерине аралашып калдым, эми бул иштен чыга албайм. Өкмөттөн бирөө келип чык десе да чыга албайм. Кыйналып жаткан адамдар менен жуурулушуп бир болуп калдым. Насыя төлөгөнгө жардам бересизби, эт алып бересизби же бирдик салып бересизби деп сурагандар да көп. Бир-экөөнүн батиринин акчасын да төлөп бердик. Бирок жалпысынан адамзатына эң керек болгон азыктарды жеткирип жатабыз. Эл оозунда элек жок, бизди мактанып жатасыңар дегендер да болууда. Социалдык баракчага сүрөттөрүбүздү чыгарып жатканыбыздын себеби, башкалар да бизди көрүп, жардамга кол сунса дейбиз. Мен бирөөгө жардам кылып жатам деп эч качан догурунбайм. Бул менин милдетим деп билем.
- Маегиңизге рахмат! Ден соолукта болуңуз!