
Испанияда коронавирустан улам көз жумгандарды 10 күн бою эскеришет. Ага ылайык, жалпы өлкө боюнча аза күтүү күндөрү өткөрүлөт. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышууда.
Аза күтүү күндөрү эртең, 27-майда башталат. Бул мезгилде бүткүл Испания боюнча желектер түшүрүлөт. COVID-19 инфекциясынан каза болгондорду эскерүү күндөрү өлкө тарыхындагы эң узакка белгиленген аза күтүү мөөнөтү экени белгиленет.
Испанияда эпидемия башталгандан бери 26 миң 800 адам коронавирустан көз жумган.