Орусия 9-орун. "Евровидение-2021" ыр сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

Нидерландынын Роттердам шаарында өтүп жаткан "Евровидение-2021" ыр сынагынын жеңүүчүсү Италиянын "Maneskin" тобу "Zitti e Buoni" деген ыры менен биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Агай ылайык, эл аралык популярдуу ыр таймашынын финалы кечээ, 22-майда болуп өттү.

Биринчи орунга татыктуу деп табылган италиялык "Måneskin" тобу 524 балл алып, жеңишке ээ болушкан. Экинчи орунду Франциядан Барбара Прави алды. Ал эми Орусиянын атынан катышкан Манижа Сангин 9-орунду камсыз кылды.

Сынак 1956-жылдан бери уюштурулуп келе жатат. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерландыдан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Белгилей өтсөк, "Евровидение" сынагында Италия бул жолу 3-жолу жеңишке ээ болду. Алгач 1990-жылы уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-05-23 12:13:40
Манижа аман эле болсун да.
0
Asmat84
2021-05-23 14:02:14
Боору баласы ит болбойт демекчи булардан нормалдуу адам чыкпайт
+1
Dembele84
2021-05-24 05:41:04
Тажичка экен го Манижа.Бирди алган италянец даны голубой бир нерсе окшойт,види адамды чоочутат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан