Мексикада адамдарды өлтүрүп, алардын этин жеп жүргөн пенсионер кармалды

Мексиканын Атисапан-де-Сарагоса муниципалдык аймагында кеминде 30 кишини өлтүргөн 72 жаштагы пенсионер кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү полициянын маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кылмышкер акыркы 20 жыл ичинде кеминде 30 кишини өлтүргөн деп айыпталууда. Полиция кызматкерлери 34 жаштагы жергиликтүү тургун Рейна Родригестин өлүмүнөн кийин кылмышкердин изине түшкөн.

Маалыматка караганда, Рейна Родригес 13-майда дайынсыз жоголгон. Ал бир баласын тарбиялаган жалгыз бой эне болгон. Рейна Родригес кылмышкер менен кошуна болчу, кылмышкер анын уюлдук телефон саткан дүкөнүнө байма-бай келип турган. Кошуналары аны акыркы жолу кылмышкердин үйүнө конокко келгендигин көрүшкөн. Кылмышкердин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, Рейна Родригестин денесинин айрым бөлүктөрү жиликтенген абалда табылган. Мындан сырткары башка белгисиз адамдардын да сөөктөрүнүн калдыктары табылган. Ошондой эле анын курмандыгы болгон ар башка курактагы адамдардын документтери менен буюмдары, киши өлтүрүү маалында жаздырып калган аудио жазуулары табылган.

Тергөө маалында белгилүү болгондой, ал адамдарды өлтүргөн соң, алардын этин тамакка колдонуп жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
asefsa
2021-05-23 11:52:23
Уужжасс
+7
MEDER_KULETOV
2021-05-23 12:15:54
Тобоо
+6
portugalia
2021-05-23 12:52:22
Тообо
+5
Apyn8793
2021-05-23 13:21:42
Эмнеге окудум экен, эми элестетип алып эле 1 жумадай журом да кыйналып (((
+5
zamir_kgz
2021-05-23 16:25:23
Apyn8793, зато диета болот, арыктайсыңар...
-6
Asmat84
2021-05-23 14:00:51
Мексикада да эт кымбаттаган окшойт чамасы
+11
amirrus
2021-05-23 18:44:19
Кино го
-2
jazmina909090
2021-05-24 02:46:40
Бул жагы ужас кино го биз көрүп жүргөн
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан