Конго өлкөсүндө жанар тоо "ойгонду"

Конго Демократиялык Республикасында Руанда менен чектеш жерде жайгашкан Ньирагонго жанар тоосу атыла баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматына караганда, жанар тоонун атылышы чек арадан анча алыс эмес Рубаву районунан көрүнүп турат. Мындан тышкары Гома шаарынан дагы байкалганы айтылууда.

"Күбөлөр күйүктүн жытын сезип жатканын айтышкан. Аталган аймакта электр энергиясын берүү токтотулуп, кээ бир жергиликтүү тургундар үйлөрүн таштап кетишүүдө.

Ньирагонго жанар тоосу Киву көлүнөн 20 чакырым түндүктө жайгашкан. Жанар тоо атылуусу чейрек кылым мурун адам өмүрүн кыйган учурларга алып келген. Ал эми тоо этектеринен лавалар (жанар тоо атылганда жер бетине агып чыккан зат) саатына 60 чакырым ылдамдык менен жакын жайгашкан калктуу конуштарга агылган", - деп жазылат дүйнөлүк ЖМКларда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан