Кытайда марафон учурунда аба ырайы бузулуп, каза болгондор 20дан ашты

Кытайдын Ганьсу провинциясында марафон учурунда аба ырайы бузулуп, 21 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, каргашалуу окуя Ганьсу провинциясында болгон. 100 чакырым аралыкка чуркоо Байинь шаарына жакын жерде эртең менен башталган. Мелдеш башталган соң күн бүркөлүп, мөндүр, жамгыр жаап, катуу шамал болгон. Анын натыйжасында жөө күлүктөр суукка урунуп калышкан.
"Жарыш башталганга чейин 2 чакырым чуркап алдын ала даярдыктар жүргөн. Ал аралыкты басып өтүп деле жылыган жокпуз. Мындай жагдай эч качан болгон эмес. Андан кийин колу-бутум, жада калса тилимди дагы сезбей аябай үшүп калдым. Мындан улам жарышты токтотуп, төмөн түштүм", - деген марафонго катышкандардын бири.
Уюштуруучулар мелдешти токтотуп, 1200 куткаруучуну спортчуларга жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, жөө күлүктөр жеңил кийинип алышкан, ал эми тоодо абанын температурасы нөл градуска чейин түшүп кеткен.
Байинь шаарынын мэри Чжан Сюйчэнь кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо максатында атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан