Иранда химиялык завод жарылып, 9 адам жаракат алды

Ирандын Исфахан провинциясындагы заводдордун биринде жарылуу болуп, 9 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жарылуу бүгүн, 23-майда химиялык заводдордун биринде орун алган. Жаракат алган 9 адам дароо ооруканага жеткирилген. Ал эми укук коргоо органдары жарылуунун келип чыгуу себептерин тактап жатышкандыгы маалымдалат.

Социалдык тармактарда жергиликтүү тургундар жарылуу күчтүү болгонун, жарылуу болгондо үйлөр менен мекемелер силкингенин айтып, алгач алар жер титирөө болду деп ойлошконун айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2021-05-24 04:43:53
Заводто 9адам жаракат алса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан