Италиянын түндүк тарабында тоого алып чыгуучу асма жол үзүлүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-майда Италиянын түндүк тарабында тоого алып чыгуучу асма жол үзүлүп кетип, кырсыктын кесепетинен 14 адам каза болду.

Ошондой эле тоо-куткаруу кызматынын маалыматына караганда, 5 жана 9 жаштагы балдар оор жаракат алып тик учак менен Турин шаарындагы ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк 9 жаштагы бала алган жаракатынан улам көз жумган. Экинчи баланын денесинин бир нече жери сынган, бактыга жараша, ал эсине келип, дарыгерлер ага операция жасап жатышат.
Куткаруучулар жабыркагандардын саны дагы деле такталып жатканын, дагы да көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертишкен.