Чек ара жаңжалында жаракат алып, Бишкек шаарында дарыланып жаткан лейлектик тургундарга мамлекет тарабынан тийиштүү жардамдар берилүүдө. Бул тууралуу өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 28-30-апрель күндөрү Баткен облусу менен Тажикстандын чек арасында болуп өткөн куралдуу жаңжалда Лейлек районунун 10 жараны, Тажик жарандары тарабынан барымтага алынып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 1-май күнү бошотулган.
"Алардын бешөө Бишкек шаарына дарыланууга кеткен. Бул беш тургунга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин резервдик фондунан 8000 миң сомдон акчалай жардам бөлүнгөн. Бул тургундар Бишкек шаарында дарыланып жаткандыктан каражат үч жарандын жакындарына берилген. Ал эми экөөнө бүгүн банк аркылуу которулууда.
Мындан сырткары бул жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жана коомдук уюмдар тарабынан акчалай жардамдар берилгенин билдиребиз", - деп жазылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарында дарыланып жаткан Лейлек районунун 5 тургунуна мамлекет тарабынан колдоолор болбой жаткандыгын социалдык тармакта жазылган.