Акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясын дагы 283 адам жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 162;
Чүй облусу – 31;
Ош шаары – 27;
Ош облусу – 13;
Нарын облусу – 18;
Баткен облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 19.
Илдет тастыкталган бейтаптардын баары оорулуулар менен байланышта болгондор. Стационарда – 628, алардын ичинен жандандыруу бөлүмүндө – 16 бейтап жатат. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткандар – 3 859.
Муну менен республика боюнча илдетке кабылгандардын жалпы саны 7 миң 377ге жетти.