Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 160 миллион 70 миң 288 адам жуктуруп алды. Тилекке каршы, 3 миллион 326 миң 678 адам илдеттен каза болду. Статистикалык маалымат бүгүн, 13-майга карата алынды.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 32 миллион 813 миң 530 болду. 583 миң 647 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 23 миллион 340 миң 938 адамдан аныкталды. 254 миң 197 адам каза болсо, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 15 миллион 359 миң 397 адам вируска кабылган. 428 миң 34 бейтап көз жумса, канча адам айыгып чыкканы боюнча маалымат жок.
Эскертүү! АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтында бүгүн, 13-майга карата статистикада дүйнөдө канча адам айыгып чыккандыгы боюнча көрсөтүлгөн эмес.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.