Социалдык тармактарда 1-майдан баштап шаардагы жалпы тейлөө кызматтары иштеп баштайт деген маалымат тарады. Анда борбордогу сулуулук салондору, унаа жуучу жайлар, базардагы курулушка керектүү эмеректерди жана гүл саткан дүкөндөр иштей турганы айтылган. Тарап кеткен баракта 6-10-майда күрөөканалар, чакан насыя берүүчү компаниялар, 11-15-май күндөрү ашкана, кафелер, жатаканалар ишин жандантары да көрсөтүлгөн.
Бишкек шаардык комендатурасы тарап жаткан маалымат туура эмес экенин айтат.
"Маалымат чындыкка дал келбейт. Азырынча тейлөө жайлары качан иштей турганы белгисиз",- дешти басма сөз кызматынан.
24-апрелде комендант 30-апрелден кийин карантиндин мөөнөтү узартылбаса, адегенде кайсы иштин түрлөрүнө биринчилерден болуп уруксат берилерин айткан.