Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 234 адамдан коронавирус жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу брифинг учурунда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Бакытбүбү Шамырканова билдирди.
"Жыл башынан бери бардыгы болуп 18 миң 192 адам үй карантинине алынган. Бүгүнкү күндө медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө 4 миң 718 адам турат. Алардын ичинен 1 миң 761 адамдан ПЦР-анализинин оң жыйынтыгы аныкталган. Бишкек шаарында коронавирус жана пневмония менен ооругандарды дарылоо максатында 11 стационар иштеп жатат.
Стационарларда 909 бейтап дарыланууда. Алардын ичинен 600 бейтаптын абалы орто оор, 245 бейтаптын абалы оор, 55 адамдын абалы өтө оор, 70 адам жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда. Стационарларда жалпы 256 бош орун бар", - деди Шамырканова.