Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынын жайылышын көзөмөлгө алган өлкөлөр гана мектептерди ача аларын билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Коронавирустун жайылышын көзөмөлгө алган өлкөлөр гана мектептерди ача алат. Мен толук кандуу инфекцияны жок кылган дебейм, абалды жөнгө сала алгандар жөнүндө айтып жатам. Эгер COVID-19 көзөмөлсүз жайылып жатса, анда мектептердин ачылуусу абалды татаалдаштырып жиберет", - деген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча программасынын директору Майкл Райан.
Муну менен ал окуу имараттарын, мектептерди ачууда коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн зарыл болгон бардык коопсуздук чараларды көрүү абзел деп кошумчалаган.