Бүгүн, 18-июнга карата республика боюнча 653 жаран коронавируска кабылганы аныкталды. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, акыркы суткада Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Бишкек шаары – 269;
Ош шаары – 73;
Чүй облусу – 116;
Ош облусу – 74;
Талас облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 69;
Баткен облусу – 32.
Өлкөдө коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 113 миң 430 болду.
Соңку 24 саат аралыгында 372 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 215;
Ош шаары – 18;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу – 25;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 14;
Жалал-Абад облусу – 18;
Баткен облусу – 14.
Жалпы айыккандардын саны 104 миң 302ге жетти.