Бүгүн, 25-апрелде саат 10:00гө карата өлкөдө коронавирусту 9 жаран жуктуруп алганы белгилүү болду. Анын ичинен 3 медицина кызматкери. Мындай статистиканы саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирип, бүгүнкү күндө илдетке кабылган медицина тармагынын кызматкерлеринин саны 175ке жеткенин айтты.
Коронавирус аныкталган медицина кызматкерлеринин баары Бишкек шаарында катталды.