Коронавируска кабылган бейтаптарга ооруканаларда орундар, дары каражаттары жетиштүү

Өлкө боюнча ооруканаларда коронавирус менен ооруган бейтаптарга жетишерлик орун, жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектин керектүү запасы бар. Бул боюнча республикалык штабдын брифингинде белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, 8-июлга карата республика боюнча 78 бейтапканада жалпысынан 5 миң 856 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү 455. Бишкек шаары боюнча коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 2 миң 152 орун каралган, анын ичинде интенсивдүү терапия бөлмөлөрү 163.

Андан сырткары, Бишкекте башка региондорго салыштырмалуу инфекцияны жуктургандар көбүрөөк болгондуктан адистер ар 2 саат сайын орундар фондуна мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда кошумча дагы 190 орун, анын ичинде 30 кайра жандандыруу орундарды ачуу пландаштырылган. Аймактарда коронавирус менен бейтаптарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү экени айтылды.

Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын маалыматы боюнча, 30-июнга карата дары каражаттарынын запасы 317 миллион 700 миң сомду түзгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан