"Той-аштарга катуу тартипте тыюу салынат. Токтоткула" деген премьер-министр Кубатбек Боронов жалпы элге кайрылды.
"Тойлор өтүп жатат. Тушоо той, башка тойлорду ресторандын арткы эшигинен киргизип өткөрүп жатышат. Токтоткула!" - деди Боронов.
Ошондой эле тургундарга "Бишкекте болсоңуз, үйдөн чыкпаңыз. Кайсы бир айылга же башка жакка барууну токтото тургула", - деп жарандарга эскертти.