Өлкөдө дагы 29 дарыгер коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 29 дарыгер коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен медицина тармагынын жалпы 5 миң 761 кызматкери илдеттен жабыркады. Мындай маалымат саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев тарабынан белгилүү болду.

Ооруну жуктуруп алгандар:

Бишкек - 13;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу - 2;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу - 4.

Ал эми бир суткада стационардан 13, үй карантининен 8 ак халатчан чыгарылды. Жалпы сакайгандардын саны бүгүнкү күндө 5 миң 76га жетти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан