Акыркы бир сутка ичинде Орусиянын 72 аймагынан жалпы 4 миң 268 адамдан коронавирус аныкталды, ал эми 44 адам бул оорудан көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандардын арасында:
Москва шаарында 2 миң 26;
Москва облусунда 578;
Нижегород облусунда 113;
Санкт-Петербург шаарында 86 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын 85 аймагынан жалпы 47 миң 121 адамдан инфекция аныкталды. 405 адам каза болсо, 3 миң 446 бейтап айыгып чыкты.