"Ухан вирусу": Жуктургандар 95 миңден, айыккандар 51 миңден ашты

Кытайда 5-мартка карата коронавирус менен жалпысынан 80 миң 409 адам жабыркаса, 3 миң 11 адам каза болду. Вирусту жуктуруп алгандардан 49 миң 856сы айыкты.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 95 миң 266 адам вирустан жабыркап жатса, каза болгондор 3 миң 285ке жетти. Ал эми айыккандар 53 миң 219 адамды түзөт.

Коронавирустун экинчи очогу делинген Түштүк Кореяда 5 621 адам жабыркап, 35 жаран көз жумду. Италияда жуктуруп алгандар - 3 089, каза болгондор - 107, ал эми Иранда жуктургандар - 2 922, каза болгондор - 92.

Бүгүнкү күнгө карата коронавирус дүйнөнүн 85 өлкөсүндө катталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Saliman
2020-03-05 12:42:19
Дары жок деп атышпады беле кандай айыгышты.ойлонуп табылган дарыда жардам бербей жатат деп жазып чыктынар элего
0
aydinnur
2020-03-05 13:33:11
Saliman,Вирусту эки турго болушподубу,L жана S деп.Л туру женил жана айыгат экен,С туру оор болуп,каза болот экени кабарларда жазыдып журбойбу орус тилдуу ММКларда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан