Кыргыз өлкөсү жана дүйнө боюнча коронавирус менен ооругандар, аталган илдеттен каза болгондор жана айыккандардын саны улам жаңыланып, жарыяланып турат.
Бүгүн, 25-июнь саат 15:00гө карата:
1) Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталган жарандардын саны - 3954.
Каза болгондордун саны - 43.
Айыккандардын саны - 2112.
2) Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны - 9 миллион 439 миң 996.
Каза болгондордун саны - 482 миң 914.
Айыккандардын саны - 4 миллион 753 миң 804.
Кыргыз өлкөсү боюнча статистика республикалык штабдын маалыматына ылайык өзгөрөт. Дүйнө боюнча маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.