Өлкө аймагында бир сутка ичинде 9 адам каза болду. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг берип жатып билдирди.
Анын айтканына караганда, каза болгондордун бешөө Бишкек шаарында катталды.
"Тилекке каршы, каза болгондор катталып жатат. Акыркы суткада борбор калаада беш бейтап, Чүйдө 3, Нарын облусунда бир бейтап каза болду", - деп билдирди министрдин орун басары.
Республика боюнча жалпы 2 миң 205 бейтап каза болду.