Бүгүн, 19-июнга карата өлкө боюнча коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны жалпы 2 миң 789га жетти. Коронавирус өлкөнүн 7 дубанында тең катталды. Бирок айрым шаар, район таза бойдон кармалууда.
Тизме:
Чүй облусу боюнча 8 район жана Бишкек (административдик борбор), Токмок шаары.
Райондор: Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй жана Ысык-Ата.
Бардык аймактарда ооругандар бар.
Ош облусу боюнча Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору жана Ош шаары (административдик борбор) бар. Бүгүнкү күндө аталган облуста "таза" аймак жок.
Жалал-Абад облусунда 7 шаар жана 8 район бар.
Шаарлар: Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Кербен. Анын ичинен Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата жана Кербен шаарларында бүгүнкү күндө вирус менен ооругандар жок.
Райондор: Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал. Бардык райондо ооругандар катталды.
Нарын облусунда 5 район жана 1 шаар (Нарын) бар.
Райондор: Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Нарын. Облустун бардык райондорунда жана шаарда ооругандар катталган.
Ысык-Көл облусу боюнча 5 район жана 2 шаар (Каракол, Балыкчы) бар.
Райондор: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ысык-Көл. Бардык аймакта ооругандар бар.
Баткен облусунда 3 район жана 6 шаар бар.
Шаарлар: Айдаркен, Баткен, Исфана, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарынан башка шаарларда ооругандар жок.
Райондор: Баткен, Кадамжай, Лейлек. Бардык райондо ооругандар бар.
Талас облусу боюнча 4 район жана 1 шаар (Талас) бар.
Райондор: Талас, Бакай-Ата, Кара-Буура жана Манас. Бүгүнкү күндө Кара-Буурада ооругандар каттала элек.
Маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайтынан алынды.