Өкмөт өзгөчө абал режиминде эмнелерди өндүрүүгө жана сатууга уруксат бар экенин билдирди

Өлкөнүн айрым аймактарында жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөнүн өзгөчө чаралары жана алардын кошумча милдеттери белгиленген. 25-март саат 08:00дөн баштап 15-апрель саат 08:00гө чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилди.

Өкмөттүн берген маалыматына ылайык, өзгөчө абал режиминде төмөнкүлөрдү өндүрүү, ташуу жана сатууга уруксат берилет:

- табигый, чийки жана кайра иштетиле турган түрдөгү тамак-аш жана азык-түлүк продуктулары, анын ичинде таңгактоочу жана башка коштоочу өндүрүмдөр;

- дары-дармектер жана медициналык каражаттар;

- күйүүчү-майлоочу материалдар жана аларга тийиштүү буюмдар, газ баллондор.

Көрсөтүлгөн ишмердүүлүк тиешелүү өндүрүштүк жана соода түйүндөрүндө, азык-түлүк павильондорунда, дүкөндөрдө, базарларда, ири соода түйүндөрүндө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жүргүзүлөт.

Ошондой эле коммерциялык банктарга жана турак жай-коммуналдык чарба кызматтарына тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө болот.

Бирок товарларды өндүрүү, ташуу жана сатуу тейлөө зонасында бир адамга 5 чарчы метр жана кезекте кардарлар менен сатуучунун ортосунда 1 жарым метрден кем эмес аралык камсыздалган шартта уруксат берилет.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн ишканалардын коопсуздугун камсыздоо менен байланыштуу болсо, анда жеке менчик күзөт агенттиктерге өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө уруксат берилет.

Майда стационардык жана көчмө түйүндөр, кафе, ресторандар, ашкана жана башка коомдук тамактануу жайларынын ишмердүүлүгүнө алар продукцияларды алып чыгууга багытталган шартта уруксат берилет.

Жүк ташуу боюнча, азык-түлүк, күнүмдүк керектелүүчү жана медициналык багыттагы товарлар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында шаарлар, аймактар аралык унаа каражаттары менен жүк ташуулар, почталык жөнөтүүлөр, ошондой эле эл аралык эки тараптуу жана транзиттик ташуулар ишкананын билдирмесинин негизинде чектелбейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан