Ала-Букада вакцина алган 44 жоокерде терс таасирлер байкалды. Министрликтин өкүлдөрү жерине жөнөп кетишти

Жалал-Абадда аскердик бөлүктүн жоокерлеринде коронавируска каршы вакцина алгандан кийин терс таасирлер байкалды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктүн жоокерлери Astra Zeneca вакцинасы менен эмдөөдөн өтүшкөн. Жерине саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жана жооптуу адистер жөнөп кетишти.

"Бул аскер бөлүктө жалпы 90 адам Astra Zeneca вакцинасын алышкан. 5-августта 4 аскерде эмдөөнүн терс таасирлери байкалды. Тагыраагы, дененин табы 39 градустан жогору болуп, баштын катуу оорушу байкалган. Ал эми дагы 40 жоокерде субфебрилдик дене табы (дененин табы 37-38 градус болуп, узакка кармалат) болгон. Буга байланыштуу вакцина алган 44 аскер кызматкери кошумча байкоо жасоо үчүн медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды. Учурда жоокерлердин абалдары туруктуу, тиешелүү кароолор жасалууда.

Азырынча жоокерлерде байкалган терс таасирлердин бардыгы вакцинага же башка факторлордон улам келип чыкканын билбейбиз. Биз адамдардын тынчсыздануусун түшүнөбүз жана кароо аяктагандан кийин бул боюнча маалымат беребиз.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги вакциналардын коопсуздугуна мониторингди күчөтүү боюнча чараларды көрүүдө. Бул окуяга байланыштуу Astra Zeneca вакцинасын колдонуу убактылуу токтотулду", - дешти мекемеден.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kuban-1207
2021-08-06 14:45:16
Вакцина деп элди кырмай болушту
+7
Nuryk00
2021-08-06 14:46:10
Дуйно жузу Астра Зенасадан баш тартып буткон. А биздин жепжутарлар байкуш жоокерлерге сынаптырда. Ото окунучтуу!!!
+12
Rifle_I
2021-08-06 14:53:14
Уу коргошунду кайнаткан министр дүйнөлүк статистиканы караса болмок. Астра зенекадан баш тартышкан качан эле. Азыр Кытайдын вакцинасын алып жатышат. Инактивированный. Спутник V башкалар тааныбай коюшкан. Аны да алып келип алышты.
+8
bj1938
2021-08-06 14:55:05
Мээси жоктор. Биринчи текшеруу жургузнулочу анализ алып. Вакцина алган адам ошого чыдайбы организми. Ошону билип туруп анан жасагыла да. Мал эмдегендей эле чекеден эмдей бербей. Эми болсо айылдарда справка бербейт ГСВларда вакцина алмайынча.
+4
Dembele84
2021-08-06 15:21:04
Кайсы мамлекет вакцина чыгардык десе эле сразу алып келип сая берет экенсинер да манкурттар!
+2
Egizderim-baktim
2021-08-06 18:11:47
Эртен бизди душмандардан коргой турган солдаттарызды озунор ууласар блин. Ушундай эле укол сайып ойногунар келип жатса турмодогу педофилдерге сайгыла текшербей туруп
0
Egizderim-baktim
2021-08-06 18:13:44
Байкуш службалагыларды алгыла деп зордоштуда.
0
Nursul
2021-08-06 19:49:47
Ар бир жаран өз ыктыяры менен алышы керек мажбурлап алдырып жатышат чет өлкөнүн сыноодон өтпөгөн ваксиналарын бизге заставитьетип салып жатышат десем бая күнү биро тим эле ызылдап акылдуу болуп атпады беле каякта жүрөт ошол ушундай нерселерге эмне дей аласың эми.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан