Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө 100 миллион доллар бөлөт

Кытай ушул жылдын аягына чейин коронавируска каршы күрөшүү үчүн бүткүл дүйнөгө 2 миллиард доза вакцина жана Covax программасынын алкагында 100 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Си Цзинь Пин билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлады.

Өлкө башчы Си Цзинь Пин бөлүнгөн каражат өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө коронавирус вакциналарын бөлүштүрүүгө жумшаларын билдирген.

"Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө аталган илдетти жеңүү үчүн болгон аракети менен жардам берет" деп кабарлаган президент.

Белгилей кетсек, ушул жылдын башында Кытай Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талабы менен жаңыдан өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге вируска каршы 10 миллион доза вакцина тараткан.

Аталган өлкөдө CanSino, Sinopharm/Beijing, Sinopharm/Wuhan, Sinovaс вакциналары өндүрүлүп келет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан