Омикрон штаммы менен ооруп жаткан бейтаптардын бүгүнкү күнгө абалы айтылды

Өлкөдө коронавирустун омикрон штаммы менен ооруп жаткан бейтаптардын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

"Буга чейин анализдерди чет өлкөлөргө жөнөтүп, түрдүү инфекцияларды аныктачубуз. Бул жолу Кыргыз өлкөсүндөгү лабораторияларда жүргүзүлгөн анализдин натыйжасында эки адамдан коронавирустун омикрон штаммы аныкталган. Учурда алардын абалы туруктуу", - деп билдирди ал.

Кечээ, 12-январда Кыргыз өлкөсүнөн коронавирустун омикрон штаммы аныкталганы айтылган. Бүгүнкү күнгө карата 742 адамдан коронавирус аныкталды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан