Тазабек Икрамов маданият министри кандай себеп менен иштен алынганына кызыкты

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште төрт министрликке, тагыраагы Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты, Энергетика жана Транспорт министрликтерине талапкерлер каралууда.

Жыйында депутат Тазабек Икрамов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, ошондой эле транспорт жана коммуникациялар министри эмне себептен кызматтан алынганына кызыкты.

"Буга чейин алынган маданият министри менен транспорт министри эмне себеп менен кызматтан алынды?", - деп суроо салды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эки министр өз каалоосу менен иштен кеткенин айтты.

"Маданият министри менен транспорт министри өз каалоосу менен арыз жазып, президент менен сүйлөшүп, өлкө башчы арызын кабыл алды. Андан кийин президент өзүнүн ыйгарым укугуна байланыштуу жаңы министрлерди сунуштады", - деп билдирди Төрөбаев.

Эске салсак, 3-октябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан