Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишим каралып жатат.
Тармактык комитетинин мүчөлөрүнүн арасында кворум бар. Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү чакырылган.
Өзбекстан парламентинин мыйзам чыгаруу (төмөнкү) палатасы кечээ, 14-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы жана Кемпир-Абад боюнча келишимдин долбоорун ратификациялаганы маалым болду.
Эске салсак, 10-октябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун Жогорку Кеңешке алып келген. Атайын кызматтын төрагасы жыйында буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтымында, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 699 гектар жер алат, анын ордуна Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер Өзбекстанга өтөт, жалпы жонунан Кыргызстандын аянты 15 806 гектарга кеңейет.
Андан соң келишимдин долбоорун Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети жабык караган. Жыйындан соң 6 депутат макул, 4 депутат каршы болгондугу маалым болгон. Аталган комитеттин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков өзү тиешелүү документтерди толук көрбөгөндүктөн каршы добуш бергенин айткан. Кийинчерээк комитеттин чечимине дагы кол койбой турганын билдирген эле.
Мындан улам 20-октябрда Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан бошотулган. Аны кызмат ордунан чакыртып алуу боюнча токтом долбоору 42 "макул", 17 "каршы" добуш менен колдоо тапкан.
Ошол эле күнү аталган комитеттин төрагасы болуп Улан Примов шайланган. Жашыруун добуш берүүдө анын талапкерлиги 70 макул, 1 каршы добуш менен колдоо тапкан.