Бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Абиров студент кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу үй камагына чыгарылганына нааразы болду. Кеп Ички иштер министрлигинин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Улан кызы жөнүндө болууда.
"9-январда Бишкекте Айза Улан кызы деген карындашыбызды сүзүп кетип, ал каза болгон. Сүзүп кеткен айдоочу качып кетип, кармалган. Свердлов райондук соту аны үй камагына бошотуп коюшуптур. Менимче, бул туура эмес", - деди эл өкүлү.
Эл өкүлү президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги туруктуу өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, аталган маселеге реакция кылуу зарылдыгын белгиледи.
"Буга жардам берип, реакция кылбасак болбойт. 19 жаштагы кыз каза болуп, үй-бүлөсү кайгырып, ыйлап жатат. Сүзүп кеткен жигит үйүндө отурат. Эч нерсени сезген жок", - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, 9-январь күнү Ички иштер министрлигинин Академиясынын 24 жаштагы курсанты Айза Улан кызын Республика жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде өтүп бара жатканда унаа сүзүп кеткен. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кыз алган жаракатынан улам каза болгон. Кылмышка шектелип 1974-жылы туулган У.Н. аттуу жаран кармалган. Кечээ, 17-январда шектүү Свердлов райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарган болчу.