"Оштогу мыкаачылык". Осмонов окуянын видеосун тараткан сайттарды жабууну сунуштады

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Ош шаарында кылмыштуу топтордун жаңжалынын видеосун чыгарган сайттарды жабуу керектигин айтты.

Эл өкүлү мындай мыкаачылык менен мушташкан окуялардын видеосу келечек муундун аң-сезимине терс таасирин тийгизип, туура эмес түшүнүктөрдү калыптандырат деп эсептейт.

"Азыркы күндө 2 миллиондон ашык адам ошол видеону көрдү. Мен сизге телефон аркылуу да айткам, ошол видео чыкканда жүздөрүн жаап, ошолорду чыгарбаганга аракет кылыш керек эле. Мамлекеттик да, мамлекеттик эмес да телеканалдар чыгарды. Туура, аны маалымат катары берип жатат. Бирок келечек муунга терс таасир калтыруудабыз. Ушундай кылса болот экен деген аң-сезим калыптанат", - деди Осмонов.

Ошондой эле ал ушундай учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгарбоого чакырды.

"Силер да колуңардан келишинче иштесеңер болот. Кээ бир сайттарды убактылуу жапсаңар болот, сүйлөшсөңөр болот. Бул чындыгында жаш өспүрүмдөргө катуу сокку болду", - деди депутат.

Ага ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев аталган видео коомдо эки ача ой жаратарын айтты.

"Бул эки уюшкан кылмыштуу топтун өз ара араздашуусу болгон. Биздин жаш балдар дагы эгер кылмыштуу топко кошулсаң жоопко тартыласың же өздөрү тараптан эле ушинтип колу-бутун сындырып, атүгүл өлтүрүп салууга чейин барат деп түшүнүшү керек. Ушул жагынан дагы жаштарга таасир берет деген ой. Биз оор кылмыш болгон учурларда сүрөттөрдү болушунча чыгарбаганга аракет кылабыз. Бирок кээ бир жарандар видео байкоодон алынган сүрөт, видеолорду чыгарып жиберүүдө", - деди Абдиев.

Белгилей кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү мыкаачылык менен сабалып, бирөө каза болгон.

Өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу делип кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал болгон Кадыр Досонов кармалып, дагы беш жаран издөөгө алынган болчу. ИИМ кармалган жарандар тууралуу маалымат берген.

Жогорку Кеңеш 19.01.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан