"Кыйын кезеңде сенин жаныңдабыз!" Кадырбеков парламентте түрк тилинде кайрылуу жасады

Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Түркиядагы зилзаладан үй-жайсыз калгандар убактылуу баш калкалап турушу үчүн боз үйлөрдү жөнөтүүнү сунуштады.
Ал бир тууган эл экенибизди баса белгилеп, биздин колдообуз өзгөчө мааниге ээ экенин кошумчалады. Ошондой эле 1999-жылы да Түркияда жер титирегенде Кыргызстан боз үйлөрдү жибергенин эске салды.
"Башыбызга иш түшүп, Кыргызстандын коопсуздугуна аябай чоң коркунуч келип турганда, "Кыргызстандын коопсуздугу - биздин коопсуздугубуз" деп түзмө-түз айткан бир гана мамлекет Түркия болгон. Кечээ кыргызстандык куткаруучулар барганда, түркиялык аялдын видеого тартып ыйлап жатканын көрдүңүздөр. Ошону уюштуруп, ыкчам чара көргөн өкмөткө чоң рахмат! Түркияга бүт дүйнө жардам берип жатат. Бирок биздин колдообуз өзгөчө мааниге ээ, анткени биз бир тууган элбиз. Кыштын күнү азыр эшикте түнөп жаткандар толтура. Ураган үйдүн алдында жакындары калгандар кантип таштап кетет?.. Алар даяр үйлөрдү берсе дагы кете албайт. Жардам берем деп жаткан демөөрчүлөр бул тууралуу билбей жатышы мүмкүн", - деди Кадырбеков.
Ошондой эле ал түрк тилинде кайрылуу жасап, бир тууган элге сабыр тиледи.
"Кымбаттуу биздин бир туугандарыбыз! Сиздер үчүн азыр аябай кабатырбыз. Жакындарынан айрылгандарга сабыр, жаракат алгандарга шыпаа тилейбиз! Түркия - бул кыйын кезеңде сенин жаныңдабыз. Аллах жеңилинен берсин!" - деди эл өкүлү.
Мындан сырткары, ал депутаттардын бир күндүк маянасын которууну да демилгеледи.
Соңку маалыматтарга караганда, Түркияда зилзаладан 5 894 адам көз жумса, 34 810 жаран жабыркаган. Мындан тышкары 5 775 турак жай ураган. Ал эми Сирияда каза болгондордун саны 1 712ге жеткени жана 2 054 киши жабыркаганы айтылууда.

Жогорку Кеңеш 08.02.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан