"Алтын-Казынада" иштеген кыз зордукталды делген окуя: Кыздын атасы өзүн-өзү өрттөйм деп жатат

Бишкектеги "Алтын Казына” ресторанында зордукталган 17 жашар кыздын атасы акыйкаттык издеп, өзүн-өзү өрттөйм деп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, кыздын ата-энеси ага сот ишти карабай жаткандыгын айтып кайрылган.

"Орозо бүтсө өзүмдү-өзүм өрттөйм" деп жатат. Ушул боюнча кандай иш алып барып жатасыздар?" - деп суроо салды Жакышов.

Ага Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев бул ишти ИИМ тергеп, соттук кароого жөнөткөнүн билдирди.

"Урматтуу Эркебек Жумабекович, ушуну өз көзөмөлүңүзгө алып койсоңуз. 17 жаштагы он гүлүнүн бири ачыла элек жаш кызды айбандарча зордукташкан экен. "Ошолор азыркыга чейин жазасын албай жатат" деп атасы мага кайра-кайра кайрылууда", - деди депутат.

Аширходжаев бул ишти өз көзөмөлүнө алууну убадалады.

Эске салсак, былтыр 7-августта Чүйдө эки эркек 17 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатканы боюнча маалымат тараган. Анда Бишкектеги "Алтын Казына" ресторанынын кызматкерлери кызды бир күн бою алмак-салмак зордукташканы айтылган.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган У.Э. жана 1996-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жогорку Кеңеш 19.04.23.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан