Менин жерим: Көз жоосун алган Көңдүк айылы жана Кулун-Ата коругу (фотобаян)

Кыргызстанда өзгөчө кооздугу менен өзүнө тартып турган керемет жерлер көп. Алардын катарына туш тарабынан тоо менен курчалып, "алаканга салгандай" көрүнгөн айтылуу Алайкуу жергесинин Көңдүк айылы да кирет.

Көңдүк айылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ой-Тал айыл аймагына кирет. Өзгөчө табиятка ээ болгон айыл Көңдүк суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1 360 метр бийикте жайгашкан. Райондун административдик борборунан 33 чакырым чыгыш тарапта жайгашса, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 158 километр алыс аралыкта орун алган.

Айылдын географиялык абалы мал чарбачылыгына ыңгайлуу болгондуктан, тургундар мал чарбачылык жана бир аз дыйканчылык менен алектенишет. Быйылкы жылдын январь айындагы статистикага ылайык, айылда 1 181 адам жашайт.

Айылдын “Көңдүк" деп аталып калышынын өзүнчө тарыхы бар. Айылдын тургуну Саламат Абдижалил кызы айылдын мындай аталып калганы тууралуу эки вариант бар экенин билдирди:

“Көңдүк айылына карабаргынын эшей уруусунан мергенчи балдар келип биринчи отурукташып жашап калышкан. Айылда азыр да алардын укпаптары жашайт. Кийин Токтоо атанын Жумабек жана Кожобек деген эки баласын Көңдүккө көчүрүп жайгаштырган дешет. Алардан Көнүп калдынарбы, көнүп калдынарбы?” деп сурай бергенинен “Көндүк, көндүк деп жооп беришкен экен. Кийин “көндүк” деген сөз Көңдүк болуп аталып калган дешет".

Ал эми экинчи вариант боюнча, айылдын азыркы саз жери мурда көл болгон деген имиштер бар. Ошол көлдөн улам алгач "Көлдүк", кийинчерээк “Көңдүк” деп аталып калган деген пикирлер айтылып келет.

Көңдүк айылын сөз жеткис табияты менен гана эмес, мекенчил, чыгаан инсандары менен дагы таанышат. Эл артисти, ырчы Исирадин Аманбаев, Эверест чокусуна чыгып келген экинчи кыргыз алпинисти Кадыр Сайдилкан, кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Акун Токтосартов сыяктуу белгилүү инсандар дал ушул айылдан чыккан.

Көңдүк айылында Кулун-Ата коругу, Кулун-Ата башкы көл жана Кулун-Ата орто көлү жайгашкан. Ошондой эле айылда айтылуу Тогуз-Булак мазары бар.

Кулун-Ата коругу

Кулун-Ата мамлекеттик коругу 2004-жылы негизделген. Корук 2 миңден 5 000 метрге чейинки бийиктикте жайгашып, жалпы аянты 27,4 миң гектарды түзөт. Коруктун аймагы Тар дарыясынын жогорку агымында, Фергана жана Алай кырка тоолорунун ортосунда жайгашкан.

Бул аймак эки чоң токойдон, тактап айтканда, Кулун-Ата токой чарбасы жана Тоң-Зоо токоюнан куралган. Ал эми токойдун 327 гектары тыкыр коргоого алынса, дагы 1 101 гектары буфердик өзгөчө аймак болуп саналат.

Кара-Кулжа районундагы Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругуна таандык 27 миң 334 гектар аянтты жүздөгөн түрдүү жан-жаныбарлар жана канаттуулар туруктуу байырлашат. Бул жерде өсүмдүктөрдүн 800гө жакын, жаныбарлардын жана канаттуулардын 100дөн ашык түрүн кездештирүүгө болот. Маселен, илбирс, улар, тоо теке, сүлөөсүн, аюулар эркин жүрүшөт.

Эң эле таң калычтуусу, аюу суур жейт. Карагат жана чөп менен дагы тамактанат. Бул жаныбар таптакыр ач калганда, кээ-кээде айылдагы короолорго түз эле кирип, торпок жана койлорго кол салышат. Анан дагы кыштактардын четиндеги бал челектерден кадимкидей бал жешет” – деп билдирген коруктун негиздөөчүсү Асан Боромбаев жергиликтүү басылмаларга берген маегинде.

Кулун-Атанын тоо-көл системасы өзгөчө деп эсептелет. Аталган аймакта Кичи-Көл, Орто-Көл жана Башкы-Көл деген үч көл бар.

Кулун- Ата көлдөрүнүн кооздугун көрүү үчүн бул жерге жергиликтүү тургандардан сырткары, чет өлкөдөн да туристтер келишет.

"Kulun Trips" туристтик компаниясынын айтымына караганда, көлгө баруу үчүн 3 сааттан 6 саатка чейинки убакыт керектелет. Ал жакка унаа менен барууга мүмкүн болбогондуктан, ат менен гана бара алышат. Бирок Кулун-Ата көлдөрүнө барууну каалагандар үчүн мындай шарт тоскоолдук кылбайт. Компаниянын маалыматында, акыркы бир ай ичинде 100гө жакын адам аталган аймакка келип-кеткен.

"Негизи бул жакта кышында гана туристтик сезон токтойт. Азыр сезон болуп жатканга 100гө жакын адам келип-кетти. Алардын арасында Индия, Франция, Япониядан келген туристтер бар. Өзүбүздүн Кыргызстандын башка аймактарынан да келишип, Кулун-Атанын көлдөрүн көрүп кетип жатышат"- деди туристтик компаниянын өкүлү.

Кулун-Ата көлүнөн анча алыс эмес жерде Кулун-Атанын ыйык булагы бар. Анда тогуз булак жайгашкандыктан, "Тогуз- Булак"деп да аташат. Тогуз булактын дарылык касиети бар экени, анын бардык жарааттарды айыктыра турганы айтылып келет. Тогуз- Булакка келгендер алгач булакка кол салып, тилек-максаттарын айтып, булактын оозунан шагылдарды уучтап чыгышат. Айрымдарына шагылдын арасынан сөйкө, мончок, таруу чыккан учурлар болгон дешет.

Ал эми булактын жанында мавзолейди көрүүгө болот. Жергиликтүү аксакалдардын айтымында, мавзолейде калмак-кыргыз согушунда курман болгон баатырлардын сөөгү коюлган.

Бул касиеттүү жердин "Кулун-Ата" деп аталып калышынын да өзүнчө тарыхы бар.

Уламыштарга караганда, Алайкуунун бир тургуну сыйынуу үчүн атын минип Тогуз-Булакка келет. Кеч кирип кеткендиктен, тургун ошол жерде түнөп калууну чечет. Түн бир оокумда ойгонуп кеткен тургун көлдөн ак боз аттын чыкканын көрөт. Көп өтпөй анын бээси өзгөчө кулундуу болот. Муну байкаган тургун дагы кулундуу болгусу келип, кулунду ээрчитип баягы булакка кайра барат. Бирок баягы ак боз ат бул ирет кулунду суунун ичине алып кирип кетет. Ошол себептен аймакты кулун менен атасы бар деген сөздөн улам “Кулун-Ата” деп атап коюшкан деген уламыш бар.

Бирок Көңдүк айылынын тургуну Тариел Акназаров жердин "Кулун-Ата" деп аталып калышынын башка да себеби бар экенин айтат. Анын айтымына караганда, Кулун-Ата деген кол башчы дал ушул аймакта курман болгон деген пикирлер бар.

"Кулун-Ата деген кол башчы душмандар менен согушуп, аталган аймакта курман болгон экен. Ошол себептен азыркы Кулун-Ата жери ошол кол башчынын атынан аталып калган дешет. Менимче, ушул вариант туура. Себеби Кулун-Атада эски чептердин калдыктары, мүрзөлөр, жаанын огунун учтары калып калган арчалар да бар" - деди Акназаров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан