Ысык-Көлдө кум үстүндөгү волейбол боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, кум үстүндөгү волейбол боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы өлкө чемпиондугунун 1-туру 11-12-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген клубдук командалар катышат.
Ал эми аталган чемпиондуктун 2-туру 25-27-август күндөрү уюштурулат. Департаменттен билдиришкендей, иш-чара 11-августта саат 09:00дө башталып, салтанаттуу ачылыш аземи болсо 12-августта болору кошумчаланды.