Нигер бийлигин басып алган козголоңчулар өлкөгө БУУ жана Африка биримдигинин делегацияларын киргизбей койду. Мындай маалымат аталган уюмдардын расмий сайтына жарыяланды.
"Миссия Нигердин аскердик бийликтеринен үч тараптуу делегацияны кабыл алууга даяр эместиги тууралуу билдирүүнү кечинде алгандан кийин токтотулду", - деп айтылат билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда уюм өлкөдө конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүүнү улантуу ниетинде.
Буга чейин мамлекеттик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген Нигердин куралдуу күчтөрү аскердик интервенциядан чочулап, өлкөнүн борборуна кошумча күчтөрдү киргизип жатканы маалымдалган.
Президенттик гвардия өлкөнүн башчысы Мохамед Базумду июлдун аягында бийликтен кетирген. Андан кийин Батыш Африка мамлекеттеринин экономикалык коомчулугу (ЭКОВАС) Нигерге каршы санкцияларды киргизип, аскердик кийлигишүү менен коркутту.