Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Мухамадрасул Салиев Беларустун Солигорск шаарында өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Салиев коло үчүн кармашта армениялык Нарек Акобян менен кездешип, 13:2 эсебинде жеңишти илип кетти.
Спортчу 57 килограммга чейинки салмак категориясында катышты.
Буга чейин аталган оюндарда Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча спортчулары 1 күмүш жана 5 коло медаль багындырса, оор атлетчи коло медалга татыган.
Белгилей кетсек, ушул тапта Беларустун 10 шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары өтүп жатат. Оюндарга спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышууда.
Аталган мелдештерде 200дөн ашуун кыргыз спортчусу спорттун 17 түрү боюнча күчүн сынап жатат. 4-августта башталган оюндар 14-августта жыйынтыкталмакчы.