Грузиядагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 21ге жетти

Грузиянын бийик тоолуу Рача аймагындагы жер көчкүнүн кесепетинен каза болгондордун саны 21 адамга жетти. Бул тууралуу 9-августта республиканын Өзгөчө кырдаалдар кызматынын башчысы Теймураз Мгебришвили журналисттерге билдирди.

9-августта куткаруучулар кырсыктан жабыркаган дагы эки адамдын сөөгүн табышкан.

Мгебришвили белгилегендей, учурда эксперттер каза болгондордун өздүгүн тактап жатышат. Ал кошумчалагандай, дагы 12 дайынсыз жоголгон жарандарды издөө иштери уланууда.

Грузиянын Рача аймагындагы Шови айылында 3-августта мейманканалардын биринин жанында жалпысынан 5 миллион куб метрден ашык жер көчкү түшкөн.

Грузиянын Ички иштер министрлиги куткаруу операциясы учурунда 200дөн ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлгөнүн билдирген. Бул иштерге өрт-куткаруу кызматтарынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, аскер кызматкерлери жана кинологдор, ошондой эле атайын техника жана чек ара авиациясы тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан