Абдумалик Карачов Беларуста өтүп жаткан КМШ оюндарында эркин күрөш боюнча коло медаль жеңди. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта аталган спорттук иш-чаранын расмий сайтында жарыяланды.
Маалымдалгандай, кыргыз балбаны 61 килограмм салмак категориясында күч сынашып, чейрек финалда өзбекстандык балбанды 7-4 эсебинде утуп алды. Жарым финалда орус спортчусу менен кез келип, 5-1 эсебинде жеңишти тарттырып жиберди. Ал эми коло байге үчүн болгон беттеште түркмөнстандык балбанды 10-0 эсебинде ишенимдүү жеңип, мелдештин коло медалын тагынды.
Белгилей кетсек, II КМШ оюндары Беларусь өлкөсүндө өтүп жатат. Ага 12 мамлекеттен спортчулар катышып, спорттун 20 түрүнөн күч сынашууда. 4-августта башталган мелдештер 14-август күнү жыйынтыкталат.