Өзбекстанда жаңы төрөлгөн ымыркай баштыкка салынып, көчөгө ташталды

Өзбекстандан Бухара облусунун Каракөл районунда милиция кызматкерлери көчөдөн жаңы төрөлгөн ымыркай оролгон баштык таап алышкан. Бул тууралуу облустук милиция билдиргенин аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, окуя 8-августта саат 01:30дар чамасында болгон. Укук коргоо кызматкерлери оорукананын имаратынын жанынан баланын ыйын угушкан. Алар аймакты кылдаттык менен карап чыгып, жаңы төрөлгөн бала оролгон жашыл баштык табышкан.

Ымыркай райондук медициналык бирикменин балдар бөлүмүнө жеткирилип, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Кырдаалды ыкчам иликтөөнүн натыйжасында бала 4-августта 28 жаштагы аял тарабынан өз үйүндө, медициналык жардам көрсөтүлбөстөн төрөлгөнү белгилүү болду.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан